ЖЫНЫС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫНЫС – организмдин жыныстык көбөйүүсүн камсыз кылуучу ген. ж-а морфол.-физиол. өзгө­чөлүктөрүнүн жыйындысы. Мында аталык ж-а энелик жыныс клетка – гаметалар кошулуп, зиготаны пайда кылат, андан жаңы организм өрчүйт. Зиготада аталык ж-а энелик гаметалар­дын 2 гаплоиддүү хромосома жыйындысы би­ригет. Жаңы организмдин жыныс клеткасында аталык ж-а энелик хромосомалардын гаплоид­дүү жыйындысы пайда болот. Жыныстык кө­бөйүү көбүнчө жаныбарларда ж-а татаал түзү­лүштүү өсүмдүктөрдө болот. Бир клеткалуу орга­низмдерде Ж. анча жиктелбеген. Көп клетка­луу диплоиддүү организмдерде атайын гаплоид­дүү Ж. клеткалары (энелик Ж-та аз кыймыл­дуу же кыймылсыз; эркек Ж-та майда ж-а кый­мылдуу) пайда болот. Көпчүлүк жаныбарларда эркек, ургаачысы айырмаланып турат. Алар бир катар морфол. ж-а физиол. белгилери, о. эле жыныстык жүрүм-туруму м-н айырмаланат.