ЖЫРГАЛАҢ БАТКАК КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЫРГАЛАҢ БАТКАК КЕНИ Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Каракол шаарынан 12–15 км түндүк тарапта, Жыргалаң суусунун оң өйүзүндө, деңиз денгээлинен 1610 м бийикте жайгашкан. 1966-жылы табылган. Кен байыркы көл чөкмөлөрүнөн түзүлгөн. Чөкмөнүн үстүндө кумдуу чопо м-н кум (калыңдыгы 0,5–1,5 м), астында дарылык касиети бар кара, каралжын боз түстөгү илээшкек баткак жатат. Ал бир аз күкүрттүү суутек жыттанат. Баткактын орточо калыңдыгы 6,5 м. Аз минералдашкан (1,4–1,7 г/л), нымдуулугу 34%, салыштырма салмагы 1,6–1,65 г/см3. Микроэлементтерге бай. Коллоиддик комплекси 10–11%. Аянты 99 миң м2, запасы 700 миң т. Жыргалаң курортунда пайдаланылат.