ЖЫРГАЛАҢ КУРОРТУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЫРГАЛАҢ КУРОРТУ – климаттык-бальнеол. ж-а баткак менен дарылоочу курорт. Ысык-Көл обл-нун Түп р-нунда, Каракол ш-нан 10 км түн. тарапта. Ысык-Көлдөн 10 км, Жыргалаң суусунун боюнда, деңиз деңг. 1624 м бийикте жайгашкан. 1965-ж. ишке киргизилген. Ж. к. Ысык- Көлдүн курорттук аймагына кирет. Климаты континенттик: кышы жумшак, январь айынан орт. темп-расы – 5°С; жайы жылуу, июль айынын орт. темп-расы 18°С. Жылына 400 ммге жакын жаан-чачын түшөт, чөйрөнүн орт. нымдуулугу 60%. Күн радиациясы өтө жогору. Ж. к-нда дарылоо негизинен минералдуу ысык (43°С) суу ваннасы, дары баткагы м-н жүргүзүлөт (к. Жыргалаң минералдуу суусу, Жыргалаң баткак кени). Муундун ж-а нерв системасынын ооруларын дарылайт.