ЖЫРГАЛАҢ КӨМҮР КЕНИ
ЖЫРГАЛАҢ КӨМҮР КЕНИ Каркыра, Түп ж-а Жыргалаң сууларынын алабында, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан. Кен 1914- жылдан бери белгилүү. Акыркы геологиялык чалгындоо иши 1982–85-жылдарда жүргүзүлгөн. Көмүр төмөнкү юранын жыргалаң, ортоңку юранын көк-бел свиталары м-н байланышкан. Бардыгы 10 кабат, кабатча, линзаларга бөлүнгөн. Алардын ичинен 2 кабат (I ж-а V) өнөр жайлык мааниге ээ, дагы 2 кабат (III ж-а II) линза түрүндө болуп, өнөр жайлык мааниге ээ эмес. Негизги кен V кабат болуп эсептелет. Анын калыңдыгы 0,10 мден 16,80 мге чейин өзгөрөт. Жыргалаңдын көмүрү сапаты боюнча Д маркасына таандык. Көмүрдүн орточо күлдүүлүгү 11,61–12,07% орточо күйүү жылуулугу 31,6–31,7 М Дж/кг (7549–7573 ккал/кг) түзөт. 1997-жылдын 1-январына карата баланстагы запасы (В+С1 категориясы боюнча) 13987 миң т түзөт.