ЖЫРГАЛАҢ (Ак-Суу районундагы шаарча)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫРГАЛАҢ – Ысык-Көл облусундагы шаарча. Административдик-аймактык жактан Ак-Суу райондук кеңешине карайт. «Жыргалаң» шахтасынын ачылышы­на байланыштуу 1932-жылы негизделген. Ысык- Көл ойдуңунун чыгышында, Тескей Ала-Тоонун этегинде, Жыргалаң суусунун жогорку агымы­нын оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 2270 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору Каракол шаарынан 70 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекети­нен 300 км. Калкы 998 (2022); калкынын негизин кыргыздар (54,3%), орустар (37,4%) түзөт, ошондой эле башка улут өкүлдөрү да жашайт. Негизинен шахтада эмгектенет. Өнөр жай ишкана­сы, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тамактануу жайлары иштейт. Орто мектеп, ФАП, клуб, китепкана, оорукана бар.