ЖЫРГАЛАҢ (шаар кал­дыгы)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫРГАЛАҢ – орто кылымга таандык шаар кал­дыгы. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Михай­ловка кыштагынын батышындагы Жыргалаң бу­луңунда жайгашкан. Төрт бурчтуу дубалынын бийиктиги 1,5–2,5, туурасы 2 м. Тегерете кенен казылган терең аң менен курчалган. Ичинде көп­төгөн курулуш калдыктары калган. 1949-жылы А. Н. Бернштам изилдеп, I–XV кылымдарга таандык шаар деген жыйынтыкка келген. 1961-жылда­гы Д. Ф. Винник жүргүзгөн изилдөөдө Жыргалаң VIII кылымда пайда болуп, XIII кылымдын башында моңгол ча­буулунан кыйрагандыгын айкындаган.

Ад.: Бернштам А. Н. Историко-археологические очерки Центрального Тянь-Шаня и Памиро-Алая. М.; Л., 1952.