ЖЫРТЫШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫРТЫШ – кездеменин айрып алынган бө­лүгү. Көзү өткөн кишинин сөөгүн алып чыгарда аялдарга таркатылган. Жыртыш карыган киши каза болгондо гана берилет. Бул – байыркы мезгил­дерден калган салт. Көп жашаган же өтө ка­дырман киши өлгөндө, андагы касиеттүү сапаттар көзү тирүүлөргө өтсүн деген ишеним менен алар­дын кийимин жыртып алып кетүү каадасына байланыштуу келип чыккан.