ЖЫТ СЕЗҮҮ ОРГАНДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫТ СЕЗҮҮ ОРГАНДАРЫ – адам ж-а айбанат­тардын айлана-чөйрөдөгү химиялык дүүлүктүргүчтөрдү кабылдоо мүчөсү. Көпчүлүк омурткасыздарда жалпы эле химиялык сезүү мүчөсү болот. Курт-кумурс­калардын кабылдагыч кылдарында жайгашкан жыт сезгичтери бар. Көп сүт эмүүчүнүн мурду­нун жыт сезүү бөлүгү мурун сөөгүнүн жардамчы кечиринин эсебинен чоңойгон. Адамдын жыт сезүү органдары . мурун көңдөйүнүн жогорку-арткы каңылжа­рында орун алган. Жыт сезүү органдары балыктарда жуп му­рун чуңкуру, моллюскаларда осфрадия түрүн­дө болот. Жыт сезүү органдарынын милдетин, аларда жай­гашкан ийик сымал жыт сезгич рецептор клет­калары аткарат. Ал клеткалар коёндо 100, адамда 10 млнго жакын болот.