ЖЭЭК КЫЗЫЛ ОТУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЭЭК КЫЗЫЛ ОТУ – дан уруктуулар тукуму­на кирүүчү көп жылдык чөп. Сабагынын бийикт. 100–130см,жалбырактарыичке,30–45смузун­дукта келип, сабагынын түп жагына жайгаш­кан. Жалбырактары сыртынан көп анча эмес түкчөлөр м-н капталган. Тамыры сойлобойт, көпшөк. Жапайы түрү Кырг-н аймагында кез­дешпейт. Негизги таралган аймагы – Кавказ, КМШ өлкөлөрүнүн, Европанын шалбаалуу та­лааларынын дөңсөөлөрү. Респ-када чөп аралаш­масына кошуу ж-а жайыт үчүн колдонуу мак­сатында селекциялык жол менен «Жылдыз» деген сорту чыгарылып, 1989-жылы респ-канын тоолуу аймактарына жайыт чөбү катары пайда­лануу үчүн эгилген (автору Ш. Т. Токтогожоев). Тоолуу жайыттын сугат жеринде 4 жолу, кай­рак жерде 2 жолу мал жайса болот. Жашыл чөбүнүн түшүмү 4 жолу пайдаланууда гектары­нан 300–350 цди түзүп, 20–25% протеин кар­майт. Мал жайылгандан кийин 20–25 күндө эле кайрадан мал оттоого жарап калат. Тоолуу ай­макта эспарцет чөбү м-н аралаш себилсе, бир убакта чаап алса болот. Уругу август айынын биринчи он күндүгүндө бышып, гектарына 2– 2,5 ц түзөт, ал эми Чүй өрөөнүндө июнь айы­нын ортосуна туура келет.


Ад.: Токтогожоев Ш. Т. Кыргызстандын тоют өсүмдүктөрү. Ф., 1991.