ЖЭЭК (Ысык-Ата районундагы кыш­так)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ЖЭЭК 3 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЭЭК – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыш­так. Жээк айыл округуна караштуу. Ысык-Ата суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 800 м бийик­те жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бе­кети Кант шаарынан 7 км түштүк-чыгыш тарапта. Кыштактын түндүгүнөн Чоң Чүй каналы өтөт. Кыштак 1916-жылы негизделген. Калкы 1155 (2022); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП бар. Колхоздоштуруу мез­гилинде баатырларча курман болгон,ушул кыш­такта туулган каарман пионер Кычан Жакы­повго эстелик тургузулган ж-а мектепте музейи уюштурулган.