ЖЭЭНБАЕВ Жаныбек
ЖЭЭНБАЕВ Жаныбек (14. 9. 1931-жылы туулган, Ысык-Көл

облусу, Түп району, Күрмөнтү айылы – 26. 4. 2007, Бишкек) – физика-математика илимдеринин доктору (1970), профессор (1972), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1989; корреспендент мүчөсү, 1987), КРдин техника ж-а илим жаатында мамлекеттик сыйллыктын лауреаты (1992). КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1991), КМУну (1956), Москвадагы М. В. Ломоносов атындагы мамекеттик унивверситетинин аспирантурасын аяктаган (1960). 1960-жылдан Кыргыз ССР ИАнын ФМИсинде (1984- жылдан ФИ) илимий кызматкер, лаборатория башчысы, директордун орун басары, 1993-жылдан КР УИАнын вице-президенти, 1997–2007-жылдары президенти. Жээнбаев – төмөнкү температуралуу плазманын ж-а атомдук спектроскопиянын физикасы боюнча алгач республикадакада илимий багытты түзгөн белгилүү илимпоз. Анын жетекчилиги м-н Кыргызстанда 1-жолу төмөнкү температуралуу плазма генератору түзүлүп, эки агымдуу плазматрондор, плазма диагнозун коюу ыкмалары, спектроскопия жолу м-н анализдөө илимде ж-а техникада кеңири колдонулган. Радиотехникага өтө керектүү поликристаллдык заттардын жаңы физикалык касиеттери табылган. Кескич аспаптарды чыңдоо, машина м-н механизмдердин тетиктерин жаңыртуу, жасалма алмаздарды синтездөө боюнча иштелип чыккан плазмалык ж-а лазердик технологиялар КМШ өлкөлөрүндө өндүрүшкө ишке киргизилген. Ошондой эле кооздоп беттеме курулуш материалдарын чыгаруу технологиясы да иштелип чыккан. 300дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 9 монография, 30дан ашык ойлоп табуусу ж-а 9 патенти бар. Жээнбаев КР УИАнын президенти катары республикада илимий иштерди уюштуруу ж-а өнүктүрүүдө көрүнүктүү салым кошуу м-н илимди өнүктүрүү илим-изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун көтөрүү, илим м-н өндүрүштүн байланышын чыңдоо ж-а илимий кадрларды даярдоо боюнча да арбын салым кошкон. Моңголия ИАнын ж-а университетинин ардактуу доктору, Бүткүл дүйнөлүк инновация фондусунун (Лондон) анык мүчөсү, ошондой эле бир топ өлкөлөрдүн академияларынын, эл аралык коомдук илимий академиялардын академиги. III даражадагы Манас ордени, «Даңк» медалы м-н сыйланган.
Эмг.: Ламинарный плазматрон (в соавторстве). Ф., 1975; Двухструйный плазматрон (в соавторстве). Ф., 1983; Нанесение плазменных покрытий из прутковых материалов (в соавторстве). Б., 1992; Диагностика низкотемпературной плазмы (в соавторстве). Новосибирск, 1994.