ЖЭЭНБАЕВ Хасан
ЖЭЭНБАЕВ Хасан (1902, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Бостери айылы – 1937, сөөгү 1992-жылы

Чоң-Таштагы Ата-Бейит көрүстөнүнө коюлган) – мамлекеттик ишмер. Балдар үйүндө тарбияланып, айыл чарба мектебинде окуган (1918–19). 1919–21-жылдарда Кызыл Армиянын катарында кызмат кылган. 1926-жылы Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетин бүтүргөн. 1926–28-жылдарда советтик ж-а комсомолдук кызматтарда иштеген. 1928–29-жылдарда Украина КП(б) Кадиев райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 1933–35-жылдарда Кыргыз АССР ВКП(б) Базар-Коргон райкомунун секретары, ВКП(б) Кыргыз обкомунун уюштуруу ж-а айыл чарба бөлүмүнүн башчысы, 2-секретары. 1937-жылы Кыргызстан КП(б) БКнын экинчи секретарлыгына шайланып, ошол эле жылы репрессияга дуушар болуп, атылып кеткен. 1957-жыл толук акталган.