ЖЭЭНЧОРОЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЭЭНЧОРОЕВА Розалия Жаманкуловна (30. 5. 1935-жылы туулган, Россия, Оренбург облусу, Бугуруслан шаары) – геолог, геология-минералогия илимдеринин докто­ру (1990), профессор (2000), КРУИАнын корреспондент-мүчөсү (1993), академиги (2010). Москва түстүү ж-а алтын институ­тун (1957) бүткөн. Куттуу- Сай геологиялык чалгындоо партия­сында, КР УИАнын геоло­гия институтунда улук илимий кыз­маткер, 1976-жылдан лаборатория башчысы болуп иштеген. 100дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 2 монографиянын ав­тору. Илимий ишинин негизги багыты – петроло­гия ж-а кен байлыктарды изилдөө. КРдин илим­ге эмгек сиңирген ишмери (1993).

Эмг.: Скарны и оледенение Гавасая. Ф., 1973; Золоторудное месторождение Макмал и модель его формирования // Геология рудных месторождений. М., 1999.