ЖЭЭН АЯК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЭЭН АЯК – жээнге болгон өзгөчө мамилелердин бир көрүнүшү. Таякелерине тойго келген жээнге өзүнчө табак жасалып тартылат же мал берилет. Ал жээн аяк кармоо деп аталат. Жээн аяк кармаган жээн тартылган тамакты каалаган адамы менен чогулуп жеген, жооп иретинде ал той ээсине (таякесине) мал, баалуу буюм, акча тартуулаган. Тойдо бир нече жээн, башкача аайтканда бөлөлөр болсо, алар кеңешип туруп, жээн аякты бирөөнө ыйгарышкан.