ЖЭЭРЕНЧИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЭЭРЕНЧИ (2004-жылга чейин Л е н и н-Ж о л) – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Жазы айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1010 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 15 км чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 60 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 3872 (2022); негизинен дыйкан чарбасын­да эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, клуб бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, мончо иштейт. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры Ж. Мойдунов туулган.