ЖҮГҮНҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮГҮНҮҮ – эки колун бооруна алып, башын ийе эңкейип, таазим этүү салты. Келин кайын ата-энесине, кайын ага-жеңелерине, кайын эже­-жезделерине, күйөөсүнүн улуу туугандарына учу­рашуу иретинде күнүгө бир жолу (биринчи ке­зиккенде) жүгүнүүгө милдеттүү болгон. Жүгүнткөн улуу кишилер ага алик алган жооп катары «Ти­легиңди берсин» деп алкоо айтышып, «Алдың­ды бала бассын, артыңды мал бассын. Алга­ның менен тең кары, ак жоолугуң башыңан түш­пөсүн» жана башка баталарын беришкен. Күйөө биринчи жолу кайын журтунун үстүнө жүгүнүп кирет. Жүгүнүү сыяктуу учурашуу салты дүйнө элдеринде да кездешет.