ЖҮГӨН
ЖҮГӨН – ат жабдыктардын бири; жетектеп жүрүү үчүн ат башына катылуучу жабдык. Жүгөн ооздуктан, суулуктан, тизгинден, чылбырдан, сагалдырыктан, көкүл бастыргыч бөлүктөрдөн турат. Жүгөндүн өрмө жана кайыма (кайыш) түрү болгон. Өрмө жүгөн. ичке тал-тал тилинген кайыштардан 5, 7, 13 өрүм болуп, кайыма жүгөн эки элидей жазы тилинген эки кат кайыштан четтери ичке көк, тарамыш же кайыш менен кайылып жасалган.
Өрмө жүгөн эркек минген атка, кайыш жүгөн. аял минген атка катылган.

Кайыш жүгөндүн оңтой жана урунт жерлери күмүш, жез купалар менен кооздолгон. Аларга ар кандай оймо-чийме салынып, бермет-шурулар чөгөрүлгөн. Суулуктун эки тогоосуна тизгиндин эки учу бекитилип, аттанар жагына кайыш же кыл чылбыр байланат. Кежигеси тогоо менен биригип, аттын башынын өлчөмүнө карата узартылып жана кыскартылып турат. Катылган жүгөн шыпырылбас үчүн узундугу 30–35 смдей алкым сагалдырык тагылат. Ооздук менен жүгөн чагарак аркылуу бекитилет.