ЖҮГӨРҮ
ЖҮГӨРҮ , м а и с (Zea mays L.) – дан өсүмдүктөр тукумундагы бир жылдык өсүмдүк; баалуу азыктүлүк ж-а тоют өсүмдүгү. Данынын түзүлүшү ж-а морфологиялык өзгөчөлүгү боюнча 9 ботаникалык топко бөлүнөт: кремнийлүү, тиш сымал, чала тиш сымал, крахмалдуу, крахмал-канттуу ж. б. Жүгөрү Борбордук ж-а Түштүк Америкадан таралган. Европага 15-кылымдын аягында алып келинген. Россияда 17-кылымдан эгилет. КМШ өлкөлөрүндө бардык жерде, айрыкча Украина, Молдавия, Кавказ, Орто Азияда (анын ичинде Кыргызстанда)

өстүрүлөт. Жүгөрү – бир үйлүү, айрым жыныстуу топ гүлдүү, түз сабактуу өсүмдүк. Сабагынын бийиктиги 50–80 смден 5–6 мге чейин. Чачы тамыры жыш, жерге 100–150 см кирет. Сабагынын түбүнөн жоон, катуу таяныч тамыр өсүп, сабагын ийилүүдөн, сынуудан сактайт. Жалбырагы жазы, тасма сымал узун, учу ичке; кезектешип жайгашат. Аталык гүл – чачык сабактын кылда учунда, энелиги сото байлайт. Мөмөсү – дан. 1000 данынын салмагы 50–1100 г, көбүнчө 100–400 г. Данында 9–17% белок, 4–6% май (түйүлдүгүндө 40%), 65–70% углевод, А провитамини болот. Вегетация мезгили 90–150 күн. Жүгөрү жарык, жылуу жерде жакшы өсөт. Которуштуруп эгүүдө дан эгиндери, көп жылдык чөп, отолмо өсүмдүктөрдөн кийин айдалып, бир га жүгөрү аянтына 90–180 кг азот, 45–180 кг фосфор, 30– 180 кг калий жер семирткичи чачылат. Жүгөрүнүн данынан акшак, ун, крахмал, спирт, аралаш тоют, май алынат. Көк бакалынан силос, көк тоют; сабагы м-н сотосунан кагаз, линолеум, вискоза ж. б. даярдалат. Кыргызстанда эгилүүчү негизги сорттору ж-а гибриддери: Краснодар 5ТВ, Чүй 466, Чүй 62ТВ, Чүй 47, Вир-42. Зыянкечтери: швед чымыны, жалбыракчы жүгөрү үкүчөсү, жылдыз курт ж. б. Илдеттери: фузариоз, нигроспороз, сото нигроспорозу.
Ад.: Культурная флора СССР. Т. 6: Кукуруза. М., 1982; Памятка по индустриальной технологии возделывания кукурузы. 1981.