ЖҮГӨРҮ КОМБАЙНЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮГӨРҮ КОМБАЙНЫ – жүгөрү оруп-жыйноо­чу машина. Ал жүгөрү сотосун бөлүп, паясын майдалап, силос даярдайт. Негизги тетиктери: шасси, сото бөлүүчү үч тетик, элеватор, оруучу аппарат, чынжыр, сото транспортёру, алмаш­ма агрегат (сото аарчыгыч, майдалагыч), төгүүчү транспортёр, гидравликалык система, көзөмөл­дөөчү-белги берүүчү система. Комбайн жүргөндө берүүчү чынжыр аркылуу жүгөрү оруучу аппа­ратка келет да, сотосу өзүнчө бөлүнөт, бөлүнгөн сото транспортёр аркылуу сото аарчыгычка же майдалагычка берилет. Ал эми сабагы үч сек­циялуу барабанда майдаланат, майдаланган си­лос автомашинага жүктөлөт. Көбүнчө өзү жүрүүчү КСКУ-6 Ж. к. колдонулат. Саатына 3 гага че­йин жүгөрү чабат. Андан башка СК-5 «Нива», СК-6 «Колос» дан комбайнына ПКК-4 жүгөрү оргучу агрегатташырылат. Ал саатына 1,4 гага чейин жүгөрү чабат.