ЖҮЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮЗ – казак элинин Улуу жүз, Орто жүз, Кичүү жүз атанган негизги уруулук курамы. Ж-дөрдүн пайда болушу, максаты (согуш иши, бийлик кылуу ж. б.), алардын калыптанышы туура­луу так маалымат жок. М. Магаунин ж. б. изил­дөөчүлөр Ж. 16-к-да түзүлгөн дешсе, башка көз караштагылар Казак хандыгы түзүлө электе эле калыптанган деп айтышат. Ар бир Ж-дүк бир нече уруу бирикмеси аркылуу өз алдынча ку­ралып, сары уйсун, каңлы, жалайыр, албан, субан, дуулат, чапырашты, сиргели, ышты, ошакты, чанычкылы уруулары Улуу жүзгө ка­райт. Кезегинде бул уруулар майда уруктарга бөлүнүп, негизинен Иледен Сыр-Дарыяга че­йинки (Түш. Казакстан) аймактарда турушат. Аргын, найман, керей, уак, коңурат, кыпчак­тар Орто жүзгө кирип, көбү Иртыш д-нын жэ­эктеринен баштап, Сыр-Дарыянын ортоңку агы­мына чейинки (Чыгыш ж-а Борб. Казакстан) жерлерди ээлешет. Кичүү жүз курамын бай уулу (12 ата), алим уулу (6 ата), жети ата уруулары түзүп, алар негизинен Түн.-Батыш Казакстан­ды (Каспий, Арал деңиздеринин айланасы) жер­дешет.


Ад.: Материалы по истории казахских ханств XV– XVIII веков: извлечения из персидских и тюркских сочинений. А.-А., 1969. Шаакерим Кудайберды-улы. Родословная тюрков, киргизов, казахов и ханских династий. А., 1990; Э. Турганбаев.