ЖҮЗМАМБЕТОВ Кадыралы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖҮЗМАМБЕТОВ Кадыралы (1887, Нарын облусу, Ак-Талаа району, Саз кыш.–1972, ошол эле жер) – жылкычы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1949). 1937-жылдан Нарын облусунун Ак-Талаа районун-

дагы «Жеңиш» колхозунун жылкычысы болуп иштеген. Жылкы чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишкен. 1948-ж. 59 бээден 59 кулун алып, аман асыраган. Эки Ленин ордени м-н сыйланган.