ЖҮЗҮМЖАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖҮЗҮМЖАН – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыштак. Кара-Суу айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1050 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен кыштагынан 65 км түндүк-чыгыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 43 км. Калкы 1681 (2022); негизинен дыйканчылыкта ж-а мал чарбасында эмгектенет.