ЖҮЗ ААРЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮЗ ААРЧЫ – тазалык максатында пайдала­нылуучу кол жоолук. Жүз аарчылардын бети сайма­ланып, жээктери кооздолуп жасалган. Кыз-ке­линдердин саймачылыгы жана уздугу жүз аарчы жа­соодон башталган. Жүз аарчы 30–40 см өлчөмүндөгү ак же түстүү жука кездемеден, жибектен жа­салган. Анын кырка четтери, бурчтары ар кыл сайма менен көркөмдөлүп, жээктери тордолуп, ча­чыланып, кээде майда шуру, бермет бастыры­лып кооздолгон. Кыргыз кыз-келиндери өз ур­матын, сыйын, ал тургай сырдаштык сезимде­рин билдирген белек буюм катары жигиттерге тартуулаган. Жүз аарчы кээде дасторомол, кол жоо­лук, бет аарчы деп да аталат.