ЖҮЗ БАШЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖҮЗ БАШЫ – о. кылымдарда түрк тилдүү элдерде колдонулган аскер наамы. Алгач миң жоокер жүздүктөргө, жүздүктөр ондуктарга бөлүнүп, миңдиктердин башында миң башы, жүз жоокерге Ж. б., ондуктарга он башылар башчылык кылышкан. 19-к-да Борб. Азияда колдонулган акимчилик кызматка байланыштуу мурунку аскер наамдары м-н кошо Ж. б. наамы Октябрь рев-ясына чейин сакталган.