ЖҮК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮК – 1) түрмөктөлө бүктөлүп, төргө үстү-үстүнө жыйылган ала кийиз, алтыгат, жууркан, көл­дөлөң, төшөк, жаздыктар. Жүк жыюу мурда боз үйгө шартташкан.

Жүктүн алдына оймо-чиймелүү кооз такта төшөлүп, ага чачылуу «терме», «ка­жары» таар же кызыл, көк, жашыл сайма бар­кыт жабылып, тактанын үстүнө жагдан же сан­дык кырка коюлган. Алардын үстүнө жүк жыйы­лып, жүк килеми жабылып, үстүнө куш жаз­дыктар коюлган. Айрым жерде балыш-жаздык­тар жыйналат. 2) Бир жерден экинчи жерге та­шыла турган буюм, таңылчак жана башка нерселер.