ЖҮКТӨГҮЧ МАШИНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮКТӨГҮЧ МАШИ́НА – өзү жүрүүчү (каз та­мандуу же дөңгөлөктүү), жүк жүктөө, түшүрүү, катарга тизүү ж-а чукул аралыкка ташып бе­рүүгө арналган үзгүлтүксүз же мезгилдүү иштөөчү машина. Ал кампада, өнөр жай ишканасынын ай­магында, цехте, портто ж. б. жерлерде колдо­нулат. Мезгилдүү иштөөчү жүктөгүч машинага асма жабдуу орнотулат ж-а айрылуу, сузгучтуу, бадья, ата­йын кармагыч пакеттер ж. у. с. жүктөгүч түзүлүштөр м-н жабдылат. Үзгүлтүксүз иштөөчү жүктөгүч машинада чынжырлуу ж-а кыргычтуу конвейер­лер орнотулуп, жүк кыргычтар, ротордук же винт түрүндөгү түзүлүштөр м-н берилет. Кый­мылга келиши боюнча автожүктөгүч ж-а электр жүктөгүч болот. Эл чарбасынын ар кандай тар­мактарына арналган атайын жүктөгүч машина колдонулат, мисалы, тоо-кен өнөр жайында тоо тектерин ташыйт; ал эми айыл чарбасында – кызылча, көртөшкө, чөп, минерал жер семирткич, чым көң ж. у. с. жүк­төлөт.