ЖҮК ЖАБУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮК ЖАБУУ – жыйылган жүктүн үстүнө жа­былуучу кооз кездеме. Көбүнчө жибектен жаса­лып, ар кайсы жери саймаланып, этеги (кээде чети) тордолуп, чачыланат. Ж. ж-нун сайма­ланбаган, тукаба, шайыдан жасалгандары да бар. Анын өлчөмү жүккө жараша болот.