ЖҮК ТАШУУЧУ АВТОМОБИЛЬ
ЖҮК ТАШУУЧУ АВТОМОБИ́ЛЬ – түрдүү жүктөрдү ташып жеткирүүчү автомашина. Немис инженери Г. В. Даймлер 1896-жылы кубаттуулугу 3 кВт болгон тасмалуу кыймыл өткөргүчтүү алгачкы жүк ташуучу автомобиль ойлоп чыгарган. АКШда жүк ташуучу автомобилди

чыгаруу болжол м-н 1896-жылы, ал эми Россияда 1932–33-жылдарда башталган. Адегенде жүктөр жакын аралыкка ташылып, алыска темир жол аркылуу жеткирилген. Кийинчерээк контейнердин пайда болушу м-н жүк ташуучу автомобиль алыс аралыктарга колдонула баштады. Азыркы жүк ташуучу автомобиль бир же

кошмо конструкция түрүндө жасалат. Кузовунун (чанагынын) түрү боюнча жалпы арналыштагы ж-а атайын болот. Кошмо конструкцияда бир же бир нече чиркелме сүйрөгүчкө атайын жасалган чиркештиргич аркылуу кошулат. Ошондой эле атайын жасалган жүк ташуучу автомобиль , мисалы, рефрижераторлор – бат бузулуучу азыкты, өтө кубаттуу болгон өзү төккүч автомобилдер чубурма материалдарды, ал эми цистерналар суюктук ташуу үчүн колдонулат. Жүк көтөрүмдүүлүгү боюнча төмөнкүдөй класстарга бөлүнөт: өтө аз – 1 тга чейин, аз – 1–2 т, орточо – 2–5 т, чоң – 5 тдан өйдө.