ЖҮЛҮН
ЖҮЛҮН (medulla spinalis) – борб. нерв системасынын бир бөлүгү. Ал диаметри 1 смге жакын цилиндр формасындагы узун жипче. Ж. омуртка түркүгүнүн ичиндеги жүлүн каналында жайгашкан. Ж. сыртынан мээ кабыгы м-н капталган. Ж-дүн жогорку жагы сүйрү мээге биригет, ал эми төмөнкү учу I–II бел омурткасынын тушунда ичкерип, андан ылдый акыркы жипчелерге айланат. Ал жипчелер II чычаң омурткасынын ички бетине бекийт. Ж-дүн моюн ж-а бел көчүк бөлүгү бир кыйла жоонурак келип, андан кол ж-а бутту нервдештирүүчү Ж. нервдери башталат. Ошондуктан Ж-дүн бул бөлүк-төрүндө анын башка бөлүктөрүнө караганда нерв клеткалары ж-а нерв талчалары көп болот. Ж-дүн ортосу боз, ал эми сырты ак заттан турат. Боз заты арткы, алдыңкы, каптал өсүндүлөрдөн ж-а аралык заттан турат. Бул өсүндүлөрдө көп сандаган нейрон денелери жайгашкан. Бул нейрондор сезүү ж-а кыймылдатуу ишин аткарат, о. эле ички органдар м-н тыгыз байланышып, алардан тынымсыз кабар алат ж-а ишин жөнгө салат. Ж-дүн боз затынын ортосунан аны узунунан бойлоп узун ичке Ж. каналы өтөт. Ал Ж. суюктугу м-н толгон. Сырткы катмары (ак заты) сезгич ж-а кыймылдаткыч талчалардын тобунан турат. Ак заттын нерв талчалары борбордон четтөөчү ж-а борборго умтулуучу импульстарды өткөрүүчү жал деп аталат. Нормада кишинин Ж-ү 31 сегменттен (бөлүктөн) турат. Ж. сегменттеринин саны андан чыгуучу 31 жуп Ж. нервинин санына барабар. Ж. сегменттери: 8 моюн, 12 көкүрөк, 5 бел, 5 куймулчак, 1 чычаң сегменттеринен турат. Ж-дүн ар бир сегменти дененин белгилүү гана бөлүктөрүн нервдештирет.