ЖҮН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮН – мал ж-а айбанаттын терисиндеги талча түк. Текстиль ө. ж-нын негизги сырьёсу, андан кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим, түрдүү буюм жасалат. Ө. ж-да иштетилүүчү Ж-дүн не­гизги бөлүгүн кой жүнү түзөт. Эчки, төө, лама, топоз, коён, жылкы, уй, бугу, ит Ж-ү да пайда­ланылат. Ж. ичкелиги, узундугу, тармалдыгы, бышыктыгы, жеңилдиги, өңү, жылтырактыгы ж. б. касиеттери б-ча бааланат. Малдан кыр­кылып алынган (кой, эчки ж. б.), таралып алынган (төө, ит, эчки ж-а коён тыбыты) же түлөгөндө чогултулуп алынган (уй, жылкы) Ж. – таза (тирүү), ал эми союлган же өлгөн мал­дын терисинен алынганы өлүү Ж. деп аталат. Ж. тыбыт, кылчык жүн, чала кылчык, уяң, чала уяң болуп бөлүнөт. Ж. кабырчык, кабык ж-а өзөкчөдөн түзүлөт. Койдун ар кайсы жерин­деги жүнүнүн сапаты (узундугу, ичкелиги, таза­лыгы, чыйрактыгы) ар башка болот. Кой Ж-ү тыбыттан жоон, кылдан кыска талчалардан ту­рат да, бир нече катмарга бөлүнөт. Анын ички катмары өтө бышык келип, тышкы кабырчык катмары сырткы чөйрөнүн таасирине жакшы туруштук берет. Жылуулукту жай өткөрүп, ным тартпайт. Күзгү Ж-гө караганда жазгы Ж. узун келип, тыбыттуу ж-а бышык болот. Уяң, чала уяң жүндүү ж-а аргын кой жазында, ал эми кыл­чык ж-а чала кылчык жүндүү кой жазында да, күзүндө да кыркылат. Ж. кыркылгандан ки­йин келки, үзүндү, куйрук, бучкак, шакшак Ж. болуп бөлүнөт. Эчки Ж-ү тыбыттан ж-а кыл­чыктан турат. Кылчыгынын технол. сапаты на­чар, ошондуктан тыбыты гана колдонулат. Төө Ж-ү тыбыттуу ж-а чуудалуу келип, өтө бышык ж-а чоюлчаак болот. Тыбыты жууркан жасоо­до, кездеме ж-а тор кездеме токууда колдону­лат. Топоз Ж-ү нооту өндүрүшүндө пайдаланы­лат. Коён Ж-ү фетр (мыкты кийиз), тыбыты тор кийим жасоодо колдонулат. Союлган жылкы, уй Ж-ү негизинен бышырып, кийиз басуу өн­дүрүшүндө колдонулат. Бугу Ж-үндө өлүү Ж. көп, ошондуктан матрац жасоодо, эмерек өндүрү­шүндө өткөрбөгүч материал катары пайдаланы­лат. Айрым ит Ж-үнөн колго жасалуучу түймө буюмдар даярдалат. Кыргыз эли күзгү Ж-дөн кийиз өтүк (чокой), калпак, кементай, байпак ж. б. кийим; ком, тердик, желдик, ичмек сы­яктуу токулга; аяк кап, табак кап, күзгү кап, самын кап, уук учтук, баштык, кап ж. б. буюм жасаган. Жазгы Ж-дү жуурканга, төшөккө, тыш


ж-а кыш кийимге салган. Көчмөн турмушта мал байлоодо, жүк жүктөөдө керектелүүчү аркан ж-а жип эшилип, өрмөк жип ийрүүгө пайда­ланган.


Ад.: Овцеводство / Под. ред. Г. Р. Литовченко и П. А. Есаулова. Т. 1. М., 1972; Мигалатюк Д. Я., Орлов И. М. Сохранение качества шерсти. М., 1987.