ЖҮНДҮБАЕВА
ЖҮНДҮБАЕВА Нинакан (20. 10. 1917, Нарын облусу, Кочкор району, Тогуз-Булак айылы – 24. 4. 2003, Бишкек) – акын, Кыргыз эл акыны (1993), Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген кызматкер (1977).

1929–34-жылдарда Нарын шаарындагы балдар үйүндө тарбияланган. 1936-жылы Кыргызстан КП БКнын алдындагы, 1956-жылы Алматыдагы партиялык мектепти бүтүргөн. 1936–40-жылы Кочкор, Жумгал райондорунда мугалим, 1940-жылы комсомолдун Жумгал райкомунун 1-секретары болгон. 20 жыл партиялык жооптуу кызматтарда: райкомдун секретары, райаткомдун төрагасы, облустук аткаруу комитеттин бөлүм башчысы, 1959–65-жылдарда «Тянь-Шань правдасы» гезитинде бөлүм башчы, Нарын облустук драма театрында директор, 1965– 72-жылдарда Кыргызстан жазуучулар союзунун Нарын облусу боюнча адабий кеңешчиси болуп иштеген. Чыгармачылыгы 1950-жылдардын 2-жарымынан башталган. «Алтын күз» аттуу алгачкы ыры 1957-жылы «Ленинчил жаш» гезитине жарыяланып, коомчулукка акын катары таанылган. Анын чыгармачылык дүйнөсүндө негизги орунду энелердин, балдардын турмушу ээлейт. Туңгуч ыр жыйнагы «Алгачкы жаңырык» деген ат м-н 1960-жылы жарыкка чыккан. «Мурас» аттуу лирика-эпикалык поэмасы поэтикалык табылгасы болуп саналат. Акын бул поэмасында кыргыз элинин нукура турмушун, чабандык кесипти атадан балага мурас кылган үй-бүлөнүн тагдыр-таржымалын баяндайт. «Узатуу» (1960), «Ишенем», «Өнөр» (1963), «Бөбөктөр дүйнөсүнөн», «Эне тилеги» (1967), «Таңдагы гүлдөр» (1971), «Ата журт күүлөрү» (1975), «Менин карындашым» (1977), «Менин каармандарым» (1981), «Үмүтүм түгөнбөйт» (1983), «Кең дүйнө» (1985), «Чынар терек» (1987), «Эне дүйнөсү» (1994), «Кызыл өрүк» (2000) ж. б. ыр китептердин автору. Ондон ашуун пьесалары, көптөгөн публицистикалык макалалары жарык көргөн. Анын 60тан ашык ырына («Грейдерчи жигитке», «Ой, уул ай», «Атама ант», «Энеме», «Нарын», «Келчи биздин айылга», «Кызыл өрүк», «Эсте энелер» ж. б.) обон жазылган, көптөгөн ырлары орус, казак, өзбек, түркмөн, тажик, якут, эстон ж. б. элдердин тилдерине которулган. Ысмы Кочкордогу Кара-Коо орто мектебине ыйгарылган. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.