ЖҮН ЖУУГУЧ АГРЕГАТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖҮН ЖУУГУЧ АГРЕГА́Т – жүн жуучу бир нече машинанын комплекси. Автоматтык түрдө иштөөчү жүн жуугуч агрегат копшогуч, жуугуч жана кургаткыч машиналардан турат. Кир жүн адегенде жуугуч материалдардын (самын, сода, порошок) коромжу болушу азайып, жуу сапатын жогорулатуу үчүн агрегаттын биринчи бөлүгүндө 30 мин чыланат. Чыланган жүн жууш үчүн кийинки машинага атайын механизмдердин жардамы менен берилет. Жүн жуугуч агрегаттын узундугу 70 м, бийиктиги жана туурасы 3 м, саатына 450–700 кг жүн жууйт.