ЖҮН КЛАССТОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮН КЛАССТОО – жүндү технол. өзгөчөлүктөрү, белгилери ж-а касиеттери б-ча топко, класска ж-а сортко бөлүү. Жүн эмнеден алынганына жараша төмөнкү класстык топтор белгиленген: кой жүнү, эчки жүнү, төө жүнү, з-ддук жүн (көбүнчө булгаары сырьёсу үчүн кайра иштетил­ген уй ж-а жылкы терисинен алынат), эски жүн (көөнөргөн жүн буюмдарынан алынат), хим. була (жасалма же синтездик жүн), коён тыбыты. Кой жүнү андагы жүн булалары б-ча бир тектүү ж-а аралаш жүн болуп бөлүнөт. Бир тектүү жүн ичкелиги, тармалдыгы, узундугу ж. б. сырткы белгилери б-ча бирдей булалар­дан турат, аралаш жүн – ичкелиги, тармалды­гы, узундугу ж. б. белгилери б-ча кескин айыр­маланган булалардан туруп, жогорку, 1-, 2-, 3- класстарга бөлүнөт. Бир тектүү жүн уяң ж-а чала уяң, аралаш жүн чала кылчык ж-а кылчык жүн болуп айырмаланат. Уяң жүн тыбыттуу була­лардан турат. Буласынын орт. жоондугу 25 мк­дон ашык эмес, б. а. 60-сапаттан жоон эмес бо­лот. Чала уяң жүндүн эң ичкесинин орт. жоон­дугу 25,1–27 мк же 58-сапатта, эң жоонунуку – 29,1–31 мк же 56/50-сапатта болот. Чала кыл­чык жүнгө тыбыттуу ж-а өтмө булалардан баш­ка кыйла ичке кылчык да кирет. Бул топко бир тектүү жүндүн 50-сапаттан жоон (31,1– 34 мк) болгон айрым түрү да тиешелүү. Кылчык жүн тыбыттуу, кылчыктуу ж-а өтмө булалар аралашмасынан турат. Кылчык жүндүн орт. жоондугу 23–60 мк болот. Жүн ылгоо ө. ж-нда жүн атайын ө. ж-лык класстоодон өткөрүлүп, тийиштүү белги ж-а касиеттерине жараша ий­рилүү ж. б. технол. сапаттары аныкталат.