ЖҮН ТАРАГЫЧ ЖАНА ТЫТКЫЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮН ТАРАГЫЧ ЖАНА ТЫТКЫЧ – жүндүн өтө кыска бөлүктөрүн жана андагы кошулган ар кан­дай башка заттарды бөлүп алууга арналган ма­шина. Бул машина чыкканга чейин жүн эки болот тарактын жардамы аркасында кол менен таралган жана тытылган. Биринчи жүн та­рагыч машина 1827-жылы ойлонуп табылган. Жүн тытуу үчүн тытуучу 2 же 3 барабаны бар машина колдонулат. Мында жүндү тытуу, та­залоо жана тытылган жүндөн шоона чоюп, аны түрүү процесси аткарылат, карагыла, Жип ийрүүчү ма­шина.