ЖҮРӨКТҮН ИШЕМИЯ ООРУСУ
ЖҮРӨКТҮН ИШЕМИ́Я ООРУСУ – жүрөк-кан тамыр системасынын көп тараган оорусу; негизинен жүрөктүн таажы сымал артерияларынын атеросклерозунан улам жүрөк булчуңдарын кан м-н камсыз кылуу начарлаганда болот. «Ж. и. о.» түшүнүгүнө катуу кармаган оорулар (стенокардия, миокарддын инфаркты), о. эле башка өнөкөт оорулар кирет. Мындай өзгөрүүлөр кан тамырдын атеросклерозунан улам болгондуктан, кардиосклероздун бул түрү атеросклероздук деп аталат. Ал айрым учурда жүрөк ишинин начарлашы ж-а согуу ыргагынын бузулушу м-н коштолот. Белгилери ар түрдүү, оору кээде күчөп, кээде басаңдайт. Ж. и. о. (стенокардия пристубу), адатта оор күч келүүдөн кармайт, мындай абал көп жылга созулат да, кийин тынч абалда деле кармай берет. Оору кармаганда миокарддын инфаркты пайда болуу коркунучу туулат. Ж. и. о-на тукум куума жакындык, аз кыймылдоо, ашыкча тамактануу, семирүү, канда май заттарынын көбөйүшү, артериялык басымдын жогорулашы (к. Гипертония оорусу), углевод алмашуунун бузулушу себеп болот. Тамеки тарткандар көп ооруй тургандыгы далилденген: өтө чарчап-чаалыгуу, психикалык оорулар да организмге күч келтирери белгилүү. Баарынан мурда тамакты мүнөздөп ичүү, семирбөө, мал майын ж-а жакшы сиңүүчү углеводдорду көп жебөө, ичкиликтен баш тартуу; тамакка өсүмдүк майын ж-а С витамини м-н В тобундагы витаминдерди көбүрөөк кошуу талапка ылайык. Булардын баары Ж. и. о-нун алдын алуу чаралары болуп эсептелет.