ЖӨЖӨ ЫРЧЫ
ЖӨЖӨ ЫРЧЫ , Чөжө (Шөже) Каржаубай уулу (1808, Көкчө-Тоо обл., Кызыл-Туу р-ну – 1895, ошол эле жер) – казак, кыргыз элине кеңири маалым акын. Айтыш өнөрүндө алдына киши салбаган чыгаандыгы, өткүрлүгү, тубаса таланты м-н муундан-муунга өтүп, аңыз болуп айтылып калган. Түпкү теги – кыргыз; саруу уруусунун кашкатаман уругунан. Ата-бабасы Таласты жердеген. Ата-энеси 1779–80-жылдарда Абылай хандын кыргыздарга жортуулунда туткундалып кетиптир деген сөз бар. Ж. ы. 1880-жылдарда Байтиктин айылына келип, таластык Жаныш акын м-н айтышканда: «Мен – саруу, Жаныс – кушчу чала буудан, Байтик эр – экөөмүзгө ара тууган, Арбакка салармын арстан Байтик, Кем көрсөң Шөже агаңды Жаныс куудан»,– деп, өзү ж-дө ачык маалымат берген. Ж. ы-нын чыг-лыгы, өмүр таржымалы казак жергесинде, казак фольклорунун ж-а салттуу ырчылык поэзиянын нугунда калыптанып, өсүп-өнүккөн. Ырчы бала кезинде чечек м-н ооруп, эки көздөн ажырап, ары ата-энеден эрте кол жууп, өтө кыйынчылыкта, оор түйшүктө,
жакырчылыкта эр жетсе да, чыныгы төкмөлүк таланты, курч сөздүү, өткүр чынчылдыгы м-н казак элинен урмат-сый, чоң аброй таап, «булбул» атыккан. Чыг-лык багыты б-ча ал айтыш акыны. Ж. ы. учурунда Жети-Суу казак, кыргыздарын аралап, эл башкарган мыктыларды, султандарды мактап, туура эмес жагын сындап да жүргөн экен. Бирок анын кыргыз жергесинде ырдаган ырлары жазылып алынган эмес. Акындын ысмы эл арасында белгилүү болгондугуна карабастан, иликтөө иши 1960-жылдары гана башталган. Анын Байтикти мактаганы, кордогону, Жаныш акын м-н айтышынын аз гана бөлүгү жазылып алынып, КР УИАнын Тил ж-а ад-т ин-тунун Кол жазмалар фондусунда сакталып турат. Айтышкандан кийин Жаныш акын аны ээрчитип, ата-бабасы өткөн Талас жергесин эки айча кыдырат, «конушу анда болсо да, көңүлү мында болуп» өмүр бою өксүп келген көңүл бөксөсүн толтурат. Жаныш да залкар акын м-н айтышуудан зор каниет алып, анын чыг-лыгынын гүлдөгөн учуру катары баалап, эскерчү экен. Тагдырдын буйругу м-н эки элге бирдей таандык акын болгон. Ж. ы. «Оторкан» аттуу эски жомокту да айтуучу экен.
Ад.: Исмаилов Е. Акындар. Алматы, 1956; Айтыс. I том. Алматы, 1965. Б. Кебекова.