ЖӨКӨБАЕВА Сайнат
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖӨКӨБАЕВА Сайнат (5. 5. 1929, Чүй облусу, Аламүдүн району, Төкөлдөш айылы – 18. 1. 1991, Фрунзе) – балерина, кыргыз хореографиясын баштоочуларынын бири. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1958). Ленинград хореографиялык, 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайында окуган. 1947-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында иштеп, балеттеги башкы партияларды аткарган: Мария (Б. Асафьев, «Бахчысарай фонтаны»), Фанни (И. Штраус, «Чоң вальс»), Айдай (М. Раухвергер, «Чолпон»), Анар (В. Власов, В. Фере, «Анар») жана башкалар.

1939-, 1958-жылдары Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүктөрүнө катышкан. 1975-жылы Жумгалда «Бекбекей» ыр-бий ансамблин уюштурган. Медалдар менен сыйланган.