ЖӨНДӨГҮЧ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖӨНДӨГҮЧ (р е г у л я т о р) – автоматтык жөндөө системасынын негизги бөлүгү. Бул түзүлүштө башкаруунун максаты, башкарылуучу объектинин учурдагы абалы ж-дөгү маалыматтардын негизинде башкаруу таасири иштелип чыгат. Алгачкы Ж. 18-к-да жасалган. Алар Ж. Уайттын борбордон четтөөчү ж-а И. И. Ползуновдун калкымалуу Ж-төрү. 20-к-дын орто чендеринде өндүрүштүк теорияларды башкаруу үчүн ар кандай типтеги өндүрүш Ж-төрү курулган. Азыр өндүрүштө, микропроцессордук техниканын негизинде курулган Ж-төр, ө. ж-да, машина куруу тармактарында электр энергиясынын негизинде иштөөчү; ал эми жер астында кен казуу өндүрүшүндө өрт, жарылуудан сактануу үчүн суу-аба Ж-төрү колдонулат.