ЖӨНӨКӨЙ ТҮЗҮЛҮШТҮҮ ӨСҮМДҮКТӨР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖӨНӨКӨЙ ТҮЗҮЛҮШТҮҮ ӨСҮМДҮКТӨР, т а л л о м д у у ө с ү м д ү к т ө р (Thallophyta) – денеси жалбыракка, сабакка ж-а тамырга бөлүнбөгөн, түтүктүү тканы жок өсүмдүктөрдүн чоң тобу. Алардын денеси т а л л о м деп аталып, бир же көп клеткадан турат. Колония болуп өскөндөрү да бар. Бир клеткадан турган микроскоптук түрлөрү, о. эле дене уз. 100 мден ашкандары (күрөң балырлар) да учурайт. Көпчүлүк өкүлдөрүн биосферанын бардык бөлүктөрүнөн жолуктурууга болот. Алар – автотрофтор, сапрофиттер ж-а мителер. Буларга бактериялар, миксомицеттер, балырлар, козу карындар кирет.