ЖӨРГӨМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖӨРГӨМ – кыргыздын улуттук тамактарынын бири. Жаңы союлган койдун ич этинен (ичеги, карын, өпкө, карын май) даярдалат. Таза жуу­луп, бартталган (жыдытылган) карын жана өпкө­нү ичке тилип, калемпир-мурч сээп, корушу сиңгиче тындырат. Тилинген карын менен өпкөгө ичегини (таза артып, жууп, муздак сууга салын­ган) бириктирип, карын май кошуп, түрдүү ыкмада (камчы өрүм, чалып өрүү, ороп өрүү) өрүп жасайт. Ө р ү л г ө н жөргөм узун болот. Жөргөм жаса­луу ыңгайына жараша майлуу жөргөм (карын май кошулат), э т т ү ү жөргөм (төштүн салбырчагы менен карчыганын учу­нан жукалап ке­сип, туздуу, жы­луу сууга салып ж и б и т и п, жум­шарган этти өпкө менен карынга ка­баттап өрөт), э р­ м е н жөргөм (эрмен жеген эчкинин жөргөмүн дарылыкка жешкен) болуп, бир нече түргө бөлүнөт. Жөргөм эт менен кошо бышырылат. Жөргөм мурда кыз-келиндин гана ашы болсо, учур­да аш-тойлордо чүйгүн тамак катары кеңири колдонулат.

Чийки өрүлгөн жөргөм
Бышырылган беш салаа жөргөм