ЖӨРГӨМҮШ КЫМЫЗДЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖӨРГӨМҮШ КЫМЫЗДЫГЫ (Poligonum vivi- parum) – өсүмдүктөрдүн кымыздык уруусунда­гы көп жылдык чөп. Альп шалбааларында, айрыкча суу жээгинде өсүүчү кичинекей өсүмдүк, бийикт. 3–35 см. Сабак тамыры жоон, сүйрү. Бутаксыз, бир сабактуу, жалбырактары жөнө­көй, жээги тегиз. Формасы ланцеттей. Сапсыз, сабакка кезектешип жайгашкан. Топ гүлү – машак. Желекчелери майда, ак, мала кызыл, ар кандай азык заттуу майда пияз түптөрү да болот. Пияз түптөрү даамдуу ж-а жегиликтүү, суурлар жакшы жейт. Ж. к. – тоют, дары өсүмдүк. Элдик медицинада анын тамырын май­далап, жаратты, кесикти, шишикти дарылоо­до, ал эми тамыр сабагынын тундурмасы тер­детүүчү каражат катары колдонулат. Пияз түбүн, уругун ж-а тамыр сабагын тамакка пай­даланууга болот. Уругу желет.