ЗААРА БӨЛҮП ЧЫГАРУУ СИСТЕМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗААРА БӨЛҮП ЧЫГАРУУ СИСТЕМАСЫ– заа­ра пайда кылып ж-а аны бөлүп чыгаруучу орган­дар.

Организмге келген тамак заттары сиңүү процессинде ткань ж-а органдарда түрдүү хим. бирикмелерге ажырап, ар кандай уу заттар пайда болот. Ошондуктан организм бул уу заттарды (аммиак, сүт к-тасы ж. б.) тынымсыз бөлүп чыгарып туруш керек. Аны м-н кошо сууну, минерал туздарын чыгарып, канда ж-а ткан­дарда суу м-н тузду бир деңгээлде кармап турат (к. Бөлүп чыгаруу системасы). Алардын көбү заара бөлүп чыгаруучу органдар аркылуу сий­дик м-н кошо сыртка чыгат. Ал органдарга эки бөйрөк, бөйрөктөн табарсыкка сийдик агызуу­чу түтүк, табарсык ж-а заараны сыртка чыга­руучу түтүк кирет. Бөйрөк алгачкы ж-а акыр­кы сийдикти пайда кылат. Эркек м-н аялдын сийдикти сыртка агызуучу түтүгү анат. түзүлүшү б-ча бири-биринен кыйла айырмаланат. Эркек­те табарсыктан башталып, сырткы жыныс мү­чөсүнүн башына чейин жетет (уз. 16–18 смдей). Эркектин сийдик агызуучу түтүгү аркылуу жалаң гана заара эмес, жыныстык катнаш учурунда эркектин урук клеткасы – сперматозоиди агып чыгат. Аялдын сийдикти сыртка чыгаруучу түтү­гү кыска, уз. 3–3,5 смдей болот. Заара ушатуу­ну татаал рефлекстер аркылуу мээ м-н жүлүн­дүн нерв борборлору жөнгө салат. Ал табарсык капталынын булчуңдары жыйылганда, заара­ны сыртка агызуучу түтүктүн жылма булчуңу бошоңдогондо болот. Дени соо кишинин табар­сыгында 250–300 мл сийдик чогулганда, заара ушаткысы келет.