ЗААРА ЖОЛУНУН ТАШ ООРУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗААРА ЖОЛУНУН ТАШ ООРУСУ – заара бөлүп чыгаруучу органдарда зааранын курамындагы заттардан ж-а туздардан, орг. кошундулардан таш пайда болуучу өнөкөт дарт. Ал жаш бала­дан тартып, айрыкча 20–50 жаш куракта көп кездешет. Себептери – бөйрөктүн сезгениши, зааранын хим. курамынын өзгөрүшү, канда фос­фор, кальций туздарынын көбөйүшү, толук эри­бей кристалл түрүнө айланышы, зат алмашуу­нун бузулушу, зааранын бөлүнүп чыкпай бөй­рөктө кармалышы, А, Д, Е витаминдеринин же­тишсиздиги, ички секреция бездеринин оорула­ры, климаттык шарттын организмге тийгизген терс таасири ж. б. Зааранын курамындагы туз­дар негизинен бөйрөк аркылуу толук эриген түрдө бөлүнүп чыгат. Таш көбүнчө бөйрөк каналында пайда болуп, бөйрөк көңдөйүнө (күлтүгүнө) тү­шүп кармалат, акырындык м-н чоңоёт же бөйрөк түтүгү аркылуу табарсыкка кетет. Кээде таш табарсыкта пайда болот. Бөйрөктө таш болгон­до, бел катуу ооруйт, кээде ал жер муздап сай­гылашат. Бөйрөктүн катуу оорушу денени ысы­тып, чыйрыктырат, окшутуп, кустурушу да ык­тымал. Зааранын түсү өзгөрүп, тез-тез заара кылат, оору бөйрөк туштан төмөн ич көңдөйү жакка, жука чурайга, жоон сандын ички бети­не, сырткы жыныс мүчөсүнө чейин өтөт. Ай­рыкча жаш балада, кээде улгайган адамда ич ооруларынын белгисине окшоп кетет. Оору узак­ка созулса, ар кандай кабылдоого алып кели­ши мүмкүн: бөйрөк сезгенет, бөйрөктүн ич көң­дөйү чоңоюп, кеңейе баштайт, бөйрөк тканда-


рына күч келип, ткандар ичкерет, бөйрөктүн көлөмү чоңоюп, суу капчасына айланат. Бөйрөк ишинин бузулушу бөйрөк гипертониясына алып келет. Өз учурунда дарыланбаса, сезгенген бөй­рөк оорусу ириңдүү дартка айланып, бактерия­лык шокко, кала берсе уросепсиске өтөт. Та­барсыктагы таш анын былжыр челин сезген­тип, заара ушаткысын келтирет, заара ушат­канда ооруйт. Күч келгенде же басканда табар­сыктын былжыр чели жараланып канайт да, зааранын түсү өзгөрүлөт (гематурия), заара чы­гаруучу түтүккө таш туруп калганда, заара чык­пай калат. Мындай учурда оорулуу кырынан жатып заара кылууга тийиш. Эки бөйрөктө же заара чыгуучу эки түтүктө тең таш болгондо, сийдик такыр чыкпайт (анурия). Зат алмашуу­нун уу заттары организмге чогулуп, уремияга алып келет. Дарылоодо таштын чоңдугу, фор­масы, орун алышы, бөйрөктүн иштеши эске алынат. Консервативдик ж-а хирург. жол м-н дарылайт. Анда диетанын мааниси зор. Аны врач таштын түрүнө жараша сунуш кылат.