ЗАГРЕБ
ЗА́ГРЕБ – Хорватиянын борбор шаары. Сава д-ндагы порт. Калкы 702,4 миң (2007). Эл аралык аэропорту бар. Каптола ж-а Градца ш-нын биригишинен пайда болгон. Машина куруунун ири борбору (а. и. электр-тех.), хим., нефть ажыратуу, текстиль, булгаары-бут кийим, жыгаччылык, полигр. ө. ж. ишканалары иштейт. Илимдер ж-а иск-во академиялары, ун-т, Штросмайер (мурдагы чеберлердин) галереясы, 40тан ашык музей (а. и. Элдик революция, иск-во ж-а кол өнөрчүлүк, археол. ж. б.), скульптор И. Мештровичтин үй-музейи бар. Эл аралык ярмаркалар (апрель, октябрь) өткөрүлүп турат. Алгач 1094-жылдан эскерилет. 16-к-дын ортосунан

Хорватиянын башкы шаары. 1526–1918-ж. Габсбургдардын бийлиги астында болгон. Собор, епископтун резиденциясы (13–15-, 19-к.), чептердин калдыктары (15–16-к.), шаар чептери (13– 18-к.), готика стилиндеги Ыйык Марк чиркөөсү (14–15-к.), барокко (Оршич-Раухов, 18-к.) ж-а классицизм (Елачичтер сарайы, 18–19-к.) стилиндеги турак жайлар, театр (19-к-дын аягы, эклектика), биржа (1920) сакталган. Түш. Загребде заманбап курулмалар курулган.