ЗАГУЛОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАГУ́ЛОВ Жакен (21. 7. 1931‚ Ысык-Көл обл.‚ Ысык-Көл р-ну‚ Кара-Ой айылы – 1. 9. 2005‚ Бишкек) – экономика илимд. доктору (1977)‚ эл чарбасын башкаруу ж-а пландоо б-ча адис. Москва автомобиль-жол ин-тун (1955) ж-а аспи­рантурасын (1961) бүткөн. Фрунзедеги автоба­занын башкы инженери‚ директору (1955–64), Кыргыз CCР Транспорт министрлигинде башкар­малыктын башчысы (1964–66), Фрунзе автомо­биль кураштыруу з-дунун‚ «Кыргызавтомаш» ө. ж. бирикмесинин директору (1966–83), ФПИ- нин проф. (1983-жылдан). 50дөн ашуун ил. эмге­ги‚ а. и. 9 монографиясы жарык көргөн. Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.


Эмг.: Вопросы экономики автотранспорта в Киргиз­ской CCР. Ф.‚ 1966; Эффективность использования основных производственных фондов автомобильного транспорта Киргизской CCР. Ф.‚ 1973.