ЗАДНЕПРОВСКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАДНЕПРО́ВСКИЙ Юрий Александрович (1924, Ленинград обл., Гатчина ш. – 1999, Санкт-Петер­бург) – археолог, тарых илимд. доктору (1979). 1950-ж. Ленинград ун-тинин тарых ф-тин бүтүр­гөн. СССР ИАнын Археол. ин-тунун Ленинград бөлүмүнүн улук ил. кызматкери, Фергана экс­педициясынын начальниги. Жарык көргөн 170ке жакын ил. эмгегинин көбү Кырг-ндын байыркы тарыхына, о. эле археологиясына ар­налган. Кырг-н м-н Өзбекстандын аймагына


30 жолу археол. экспедиция жасаган. Соңку ко­ло доорунун Чуст мад-тына таандык байыркы эстеликтерди, б. з. ч. 4–1-к-га таандык Шоро- Башат маданиятынын, Өзгөн, Мады, Ош ту­рак жайын ж. б. жерлерди казып, изилдеген. Байыркы мезгилдеги көчмөндөрдүн тарыхын ж-а мад-тын изилдөөгө чоң салым кошкон. Анын изилдөөлөрүнүн негизинде Ош ш-нын ба­йыркы шаар экендиги аныкталып, Ош ш-нын 3000 жылдык мааракеси өткөрүлгөн (2000).


Эмг.: Основные этапы истории культуры Южного Кыргызстана в свете новых данных (1976–1984 гг.) // Древний и средневековый Кыргызстан. Б., 1996. Ошское поселение к истории Ферганы в эпоху поздней бронзы. Б., 1997. К трехтысячелетию г. Ош //Новые исследования археологов России и СНГ. СПб., 1997.