ЗАЙСАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗАЙСАН – Казакстандын чыгышындагы көл; Зайсан өрөөнүндө жайгашкан. Аянты 1,8 миң км2. Тереңдиги 10 мге чейин. Кара Иртыш д. куюп, Иртыш д. агып чыгат. Иртыш д-на Буктурма ГЭСи курулгандан кийин, көл Буктурма суу сактагычынын (5,5 миң км2) бир бөлүгүнө айланган. Ноябрдан майга чейин тоңот. Жайкысын кеме жүрөт. Балык өстүрүлөт.