ЗАКИРОВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗАКИРОВ Шухратбек Саидович (17. 1. 1947-ж. т., Ош обл. Кара-Суу р-ну, Мады кыш.) – геолог, Кыргыз ССР Мамл. сыйл. лауреаты (1980). Ташкент мамл. ун-тин бүткөн (1970). Түш. Кырг-н геол. экспедициясынын партияларында техникгеолог, геолог, улук геолог, отряддын начальниги (1972–91), Жаратылыш сырьёсун комплекстүү пайдалануу ин-тунда ил. кызматкер (1991–93), Түш. Кырг-н геол. экспедициясында геол. партиянын башкы геологу (1993–94), экспедициянын геол. бөлүмүнүн начальниги (1994– 98) болуп иштеген, Респ-дагы курулуш материалдарынын жаңы түрү – табигый каптооч таштардын кендерин ачууга ж-а чалгындоого зор салым кошкон.