ЗАКИРОВ Жээнбек
ЗАКИРОВ Жээнбек (2. 10. 1940-жылы туулган, Жалал- Абад облусу, Токтогул району, Бууракан айылы) – медицина илимдеринин доктору (1997), профессор (2001). КММИни (1964), Кыргыз ССР ИАнын крайлык медицина институтунун аспирантурасын бүтүргөн (1967). 1968–2003-жылдары КР УИАнын физиология ж-а эксперименттик патология институтунда кенже, улук илимий кызматкер, окумуштуу катчы, лаборатория башчы болуп иштеген. 2003-жылдан КМУда, 2006-жылдан КРСУда жетектөөчү илимий кызматкер. Жаныбар ж-а адамдын эндокрин системасынын физиологиясы боюнча адис. 250дөн ашык ил. эмгеги, анын иичинде 3 монографиясы, 1 окуу китеби бар.
Эмг.: Гуморально-гормональные механизмы адаптации в горах. Б., 1983; Нейрогуморальные механизмы адаптации у зимоспящих (в соавторстве). Б., 1987; Адамдын анатомиясы, физиологиясы жана гигиенасы. Б., 2001.