ЗАКИРОВ Шухратбек
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗАКИРОВ Шухратбек Саидович (17. 1. 1947-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Суу району, Мады кыштагы) – геолог, Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1980). Ташкент мамлекеттик университетин бүткөн (1970). Түштүк Кыргызстан геологиялык экспедициясынын партияларында техник геолог, геолог, улук геолог, отряддын начальниги (1972–91), жаратылыш сырьёсун комплекстүү пайдалануу институтунда илимий кызматкер (1991–93), Түштүк Кыргызстан геологиялык экспедициясында геологиялык партиянын башкы геологу (1993–94), экспедициянын геологиялык бөлүмүнүн начальниги (1994–98) болуп иштеген. Республикадагы курулуш материалдарынын жаңы түрү – табигый каптооч таштардын кендерин ачууга ж-а чалгындоого зор салым кошкон.